www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу (Азаттыктын тажик редакциясы) билдирди.

Бир жылдан ашык убакыт мурун Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Ходжент шаарына (Тажикистан Республикасынын Согди облусу) которулган.

Баткен облусунун соту Аскар Юнусов менен Абдурозик Абдукаххоровду КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Тергөөчүлөр алардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган. 

2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген.

2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости