www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2025-жылы 320 өспүрүм кыз төрөгөнү расмий катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын 5и 13–14 жашта, ал эми 315и 15–17 жаштагы кыздар болгон. Ошондой эле өткөн жылы 17 жашка чейинки 40ка жакын кыз боюнан алдырганы белгиленди.
Укук коргоочулар эрте нике жана эрте кош бойлуулуктун негизги себептеринин бири катары жашы жете элек кыздарды мажбурлап турмушка берүү көрүнүшүн аташууда. Омбудсмен институту да бул маселе дагы эле курч бойдон калып жатканын белгилеп, алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2025-жылы нике мыйзамдарын бузууга байланыштуу 34 кылмыш иши козголуп, 100гө жакын адам соттолгон.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстан Борбор Азияда өспүрүмдөр арасындагы төрөт көрсөткүчү боюнча үчүнчү орунда турат. Өлкөдө ар бир 1000 өспүрүм кыздын 28и эне болот.