www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда санарип сомду ишке киргизүү 2027-жылдын 1-январына пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам ушул күндөн тарта күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө жүгүртүүгө чыгарылат. Учурда Улуттук банк өнөктөштөрү менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.
Белгиленгендей, санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылган улуттук валютанын санариптик формасы. Ал мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, мында бир санарип сом бир накталай сомго барабар болот. Санариптик валюта жөнгө салуучу органдын (Улуттук банктын) кепилдиктери менен камсыз болгондуктан, каражаттарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Козубеков ошондой эле үстүбүздөгү жылы жөнгө салуучу орган үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болгон бул долбоордун жүрүшү тууралуу кененирээк маалымат берилерин кошумчалады.