www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери уланууда.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 261 миң гектар аянттагы түшүм жыйналып бүттү.

Анын ичинен:
🌾 буудай — 139 миң гектар;
🎋 арпа — 121 миң гектар;
🌽 жүгөрү — 770 гектар;
🫛 чанактуу өсүмдүктөр — 200 гектар.

Аймактар арасында жыйноо иштеринин эң жогорку көрсөткүчү Чүй облусунда катталды.

Бул аймакта план 50,8 пайызга аткарылып, 140,1 миң гектар жердеги түшүм жыйналды.

Ош облусунда оруп-жыйноо иштери 56,8 пайызга аткарылып, 527 миң гектар аянт камтылды. Жалал-Абад облусунда план 52,9 пайыз, Талас облусунда 10,9 пайыз аткарылды.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери уланууда.

Последние новости