www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Онкология жана гематология улуттук борборуна караштуу Маммология борбору, Чүй облустук бириккен ооруканасындагы Реконструктивдик-калыбына келтирүү хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору өз ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу КРСаламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта мындай чечим үчүнчү уюмдардын алкагында борборлорду уюштуруу максатка ылайыксыз болгондуктан кабыл алынганы белгиленген.
“Аталган борборлордун ишинин токтотулушу медициналык тейлөөнүн сапатына таасирин тийгизбейт, анткени алардын бардыгы тиешелүү бөлүмдөргө айландырылып, штаттык режимде иштеп жатышат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Булак: NazarNews.kg