www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 3 жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер төрт эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 75 миң 695 контролдук-кассалык машина ийгиликтүү колдонулууда. Бул сан 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйдү.

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча ККМди киргизүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.

ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

"Бул чаралардын алкагында ККМге болгон базар бааларын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу ККМди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости