www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 40 райондогу ооруканаларды жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте өлкөдөгү медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
«Жалпысынан 40 райондо ооруканалар жаңы курулат же оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Ошондой эле медициналык жабдуулар боюнча маселелер бар. Аларга каражат бөлүнүп жатат.
Көпчүлүгүн быйыл чечүүгө мүмкүн болбосо, кийинки жылдын бюджетине киргизип, маселени чечебиз», — деди Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин төрагасы жарандардын ден соолугун сактоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.