www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8248 бош жумуш орду катталды

Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8248 бош жумуш оруну катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эмгек рыногунда эң жогорку суроо-талап жумушчу адистиктерге байкалууда. Учурда өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 60,2 миң адамга жетти. Алардын ичинен 38,7 миңи расмий түрдө жумушсуз макамын алган.

Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 54 807 жаран кайрылган. Ал эми мамлекеттик колдоо аркылуу 4554 жаран жумушка орноштурулган.

Министрликтин маалыматына караганда, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу багыты өзгөчө мааниге ээ болууда. 2026-жылдын 1-майына карата 2697 жумушсуз жаран ар кандай кесиптик окуу курстарына жөнөтүлгөн.

Адистердин белгилешинче, эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптердин катарына компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрчу, массажист, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча бухгалтер, тигүүчү, электр-газ ширетүүчү жана сантехник-слесарь кирет.

Последние новости