www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда айыл чарба товарларынын аткезчилигине каршы күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн айыл чарба товарларынын жана жасалма продукциялардын аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча кеңешмеде айтылды.
Ведомстводон билдиришкендей, ага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Анда маселенин масштабы, аны чечүү жолдору, ошондой эле аткезчилик жана контрафакттык товарлар менен күрөшүү боюнча жалпы чараларды иштеп чыгуу талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын, бизнестин жана агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын өкүлдөрү кирди. Жумушчу топтун милдети – аткезчилик жана жасалма (контрафакттык) продукцияла менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу.
Министрлик ошондой эле ведомстволук бөлүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди:
- аткезчилик фактыларын азайтуу үчүн толук чараларды көрүү;
- жасалма (контрафактык) жана мөөнөтү өтүп кеткен товарларды аныктоо;
Министрлик башка кызыкдар тараптар менен биргеликте азык-түлүк товарларынын аткезчилигин жана контрафактынын олуттуу төмөндөшүнө жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.