www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда көрүлгөн чаралардын натыйжасында бүгүнкү күндө ак илбирстердин саны 550дөн ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынды.
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын жакшыртуу максатында жалпы аянты 792 миң гектарды түзгөн "Ак илбирс коридору" түзүлдү. Ал Хан-Теңири, Сары-Чат-Эрташ жана Нарын чөлкөмдөрүн бириктирет. Ошондой эле "Байбосун", "Котормо" коруктары жана Илимдер академиясынын ботаникалык багы өзгөчө корголуучу аймактардын тизмесине кирди", — деди ал.
Бул багыттагы иштер ак илбирстин популяциясын сактап калууга жана алардын коопсуз байырлоосуна шарт түзүүгө багытталган.