www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы жумада 275 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 20-майдан 26-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 338;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 275;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 79;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 737;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 408;
  • авто ээнбаштык – 26;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 316;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 943

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости