www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов Кыргызстанда "Бала ырысы" жөлөк пулу 470 миңден ашуун балага бериле турганын айтты.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдардын баарына ай сайын жөлөк пул чегерүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Акча 1-июлдан тарта берилип, бүлөнүн кирешеси эсепке алынбайт. Жөлөк пулдун көлөмү – 1 200 сом. Каражат 2023-жылдын 31-июлунан кийин төрөлгөн балдарга берилет.
Арызды "Түндүк" тиркемеси аркылуу берсе болот.