www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгынан улам бензин менен дизелдин баасы дагы өсүшү мүмкүн. Премьер-министр Адылбек Касымалиевдин айтымында, өкмөт учурда АИ-92 бензининин баасын субсидия аркылуу кармап турат, бирок дүйнөлүк мунай базарындагы кырдаалга байланыштуу кымбаттоо болору күтүлүүдө.
Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгын Орусиядан импорттойт. Бирок Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордогу көйгөйлөр жана тышкы факторлор жеткирүүнү азайтып, тартыштык жаратууда.
Өкмөт Орусиядан август айынын аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май келерин билдирип, мындан тышкары Азербайжан, Түркмөнстан, Иран жана башка өлкөлөрдөн импортту көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.
Адистер күйүүчү майдын кымбатташы транспорттук чыгымдарга таасир этип, азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.