www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядагы мунай кризисинен улам Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүп, айрым май куюучу жайларда бензин тартыштыгы байкалууда. Учурда өлкөдө орточо бир айлык гана күйүүчү май кору калган.
Азыркы тапта АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 109,90 сомго, ал эми АИ-92нин баасы 84,90 сомго жетти. Айдоочулар күйүүчү майдын кымбатташы үй-бүлөлүк чыгымдарды көбөйткөнүн айтышууда.
Бийлик абалды жөнгө салуу үчүн Кытай, Казакстан, Беларусь, Азербайжан жана башка өлкөлөрдөн күйүүчү май импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Кытайдан биринчи партия жөнөтүлүп, жеткирүү иштери башталган.
Өкмөт 2–3 айлык күйүүчү май запасын түзүүнү көздөп, ички рынокту камсыздоо үчүн мунай жана мунай продуктуларын сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салды. Ошол эле учурда адистер күйүүчү майдын баасы жакын арада дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.