www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда бир Кытай жаранынын атына 73 батир катталган деген маалыматты төгүндөдү.

Ал «Биринчи радионун» түз эфиринде угармандын суроосуна жооп берип жатып, чет өлкөлүк жарандардын атына турак жайга менчик укугу катталбай турганын билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүк жарандар турак жайды убактылуу пайдалануу укугуна гана ээ боло алышат жана аларга тиешелүү күбөлүк берилет.

«Эгерде чет өлкөлүк жаран турак жайды Кыргызстандын жаранына сатса, анда менчик укугу жаңы ээсинин атына катталат.

Ал эми чет өлкөлүк жарандардын атына жер тилкелерине да менчик укугу катталбайт», — деди Данияр Амангелдиев.

Ал ошондой эле бир Кытай жаранынын атына 73 батир катталган деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Последние новости