www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулган 319 батирлүү «Тынчтык Ордо» турак жай комплекси пайдаланууга берилип, жаңы батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды.
Ачкыч тапшыруу аземине Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, жаңы конуш ээлерин Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин атынан куттуктады.
Анын айтымында, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги социалдык милдеттеринин бири болуп саналат.
Ал акыркы жылдары өлкөдө турак жай саясаты олуттуу өзгөрүп, мамлекеттик ипотека мурдагыдай аз сандагы адамдар үчүн эмес, эмгекчил жарандардын кеңири катмары үчүн жеткиликтүү болуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле Касымалиев турак жай курулушу борбор калаа жана ири шаарлар менен эле чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарында өнүгүп жатканын айтып, бул аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө жана тең салмактуу ички урбанизацияга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Белгиленгендей, «Тынчтык Ордо» турак жай комплекси 11 блоктон туруп, жалпысынан 319 батирди камтыйт.
Өкмөт башчысы жаңы комплекс тынчтыктын, бакубатчылыктын жана үй-бүлөлүк бакыттын символу болушуна тилектештигин билдирди.