www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Economist басылмасынын маалыматына караганда, 2024-жылдан бери кытайлык аскерлер Волгоград облусунда украин согушуна катышкан орус бөлүктөрү менен биргелешип машыгып, дрондорду колдонуу, шаардык жана окоптук салгылашуу, чептерди алуу, мина коюу жана талаа медицинасын өздөштүрүп жатышат.
Басылма Батыштагы аткаминерлерге таянып, Орусия Кытайга абадан жана ракетадан коргонуу технологияларын да өткөрүп бериши мүмкүн экенин жазат. Айрыкча Бээжин Тайванда да бар болгон америкалык HIMARS системаларына каршы күрөшүү боюнча Орусиянын тажрыйбасына кызыгып жатканы белгиленет.
Ошол эле учурда The Economist Орусия Тайвань боюнча мүмкүн болгон согушка түздөн-түз катышышы күмөн экенин, бирок анын согуштук тажрыйбасы жана технологиялары Кытайга артыкчылык бериши мүмкүн экенин белгилейт.