www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жыйын ШКУнун 25 жылдыгына карата уюштурулуп, Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине даярдыктын акыркы этабы болуп калды.

Жыйында эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздук жана туруктуулук, соода-экономикалык кызматташтык, транспорттук байланыш, энергетика, санариптештирүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер геосаясий чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле БУУнун эл аралык тынчтыкты сактоодогу борбордук ролун бекемдөө зарылдыгын дагы бир жолу ырасташты.

Катышуучулар терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Экономикалык кызматташтыктын алкагында ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча консультациялардын жүрүшү белгиленип, биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды.

Ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгы учурунда өткөн Эл аралык Ысык-Көл марафону жана Чыңгыз Айтматовдун мурасына арналган Ысык-Көл эл аралык форуму жогору бааланды.

Жыйындын жүрүшүндө алдыдагы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына сунуштала турган документтердин негизги топтому макулдашылды.

Министрлер жолугушуунун жыйынтыгында тынчтыкты, туруктуулукту, жакшы коңшулук мамилелерди жана биргелешкен өнүгүүнү чыңдоого болгон жалпы умтулуусун дагы бир жолу ырасташты.

Последние новости