www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан (онлайн) окутууга өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин;

Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин;

Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин;

Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби;

Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Мындан тышкары, төмөнкү мектертерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу окуучулар онлайн окутулат:

Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби;

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары;

Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары;

Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби.

Последние новости