www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир жумада 13 миң 670 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн

Кыргызстанда 19-25-апрель аралыгында COVID-19ду жуктуруунун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде 7 учуру бүгүн катталды. Бардыгы Бишкектен чыккан.

Бир жумада 13 миң 670, ал эми бир суткада 1 миң 572 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

Стационарда үч, амбулатордук дарыланууда 18 бейтап бар.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 990 адам коронавируска чалдыккан, 2 миң 991 адам бул илдеттен каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости