www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдымамбет Сариев:

Эл арасында:

“Четтен каржыланган, өлкөнүн кызыкчылыгын, элдин кызыкчылыгын ойлобогон, жеке керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн акчага сатылган, четтен алган каражаттарды кайсы максатка жумшаганы иликтенбеген айрым радикал-динчилдер атайын провакция кылып, жаман жана уят сөздөрдү айтып, жазып, психологиялык жактан мекенчилдерди чегине жеткирип жатышат.

Анан ошол радикалдар өзүлөрүн сөздөрүнө жараша айткан же жазган мекенчилдердин жоопторун скрин кылып, өзүлөрүнүн жазгандарын болсо өчүрүп, бирөөлөрдү акча берип сатып алып, мурдатан даярдап койгон арызга кол койдуруп, күбө катары бирөөлөрдү да паралап, улутка күйгөн мекенчилдердин үстүнөн, “диний аралык кастыкты, араздашууну козутуп жатат” деген жалаа менен коопсуздук кызматына, милицияга, прокуратурага, сотко арыз бердирип жатат” деген ызы-чуу желдей тарады...

Ошондой ыкманы колдонуп, провакациялап мекенчилдерди куугунттукка алып жаткан жаткан акчалуу, уюштуруучу радикал-динчилдерди ким так билет???

Акыйкатында Кыргызстандын келечегине Президент да, Спикер да, Өкмөт Башчы да, Мекенчилдер да күйөт жана Конституцияга баш ийип, Салтты колдонуп, Өлкөнүн тынчтыгын, Элдин ырыс-ынтымагын ойлойт!

Тилекке каршы, чет элден каржыланып, алардын тапшырмасын аткарган радикал-динчилдер акчанын күчүнө салып, чет элден каржыланбаган, кыргыз улуту үчүн, өлкө үчүн күйгөн жарандарды органга, сотко берип кысымга алып, провакациялык ыкмага салып тымызын жана ачык куугунтукка ала берсе, өлкөгө, элге күйгөн адамдар калбай баары тең саткын, чыккынчы болуп кетсе, анда кыргыз улутунун келечек муунунун тагдыры эмне болот?

Өзүбүз эсибизге келбесек, кайдыгер болсок, Өлкө Бийлиги диний-радикалдашууга көңүл буруп, органдар аркылуу жалданып арыз жазган адамдарды катуу текшертип, мыйзамсыз уюшулган диний топтун бетин ачтырбаса 7000 жылдык тарыхы бар байыркы кыргыз эли 70 жылга жетпеген убакытта бөлүнүп-жарылып отуруп, жок болуу коркунучу пайда болууда – SOS!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости