www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн 21 өлкөсүндө балдар арасында белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатиттин 169 учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына таянып, Республикалык штабдан билдиришти.

Ал тууралуу эмнелер белгилүү?

- 12 өлкөдө 169 учур ( Улуу Британияда 114 , Испанияда 13 , Израилде 12, АКШда 9, Данияда 6, Ирландияда 5тен аз, Италияда 4, Нидерландда 4, Норвегияда 2, Францияда 2, Румынияда 1, Бельгияда 1 учур );

- 1 адам өлүмү катталган;

- ооруга чалдыккандардын жаш курагы 1 айлыктан 16 жашка чейин;

- бейтаптардын болжол менен 10% боорду алмаштыруу талап кылынган;

- A, B, C, E жана D тибиндеги гепатиттердин вирустары бул учурлардын биринде дагы аныкталган эмес;

- 74 учурда аденовирус табылган, 18 адамда молекулярдык тестирлөөдө F (41-тип) тобундагы аденовирус аныкталган.

- тест тапшыргандардын арасынан 20 учурда SARS-CoV-2 аныкталган;

- 19 адамда SARS-CoV-2 жана аденовирустун коинфекциясы аныкталган.

“Ооруну жуктуруунун алгачкы учурлары апрелдин башында катталган. 5-апрелге карата ДССУда борбордук Шотландияда он жаштан кенже курактагы балдар арасында аныкталган учурлар тууралуу маалымат болгон. 8-апрелде алардын саны бүткүл Улуу Британия боюнча 74кө жеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости