www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 3 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул аралыкта кызматкерлер 2 тонна 193 кг 460 гр баңгизат каражатын, психотпроптук заттар жана прекурсорлорду табышкан.

Кызматтын жетекчиси Уланбек Султанов Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын оор түрлөрүн алуу, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу менен баңгизат каражаттарды сатууга жана Интернет тармактарында баңгизаттарга үгүттөөгө карыш күрөшүүнү күчөтүү боюнча милдеттерди койду.

«Кеңешменин жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүндөгү төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон башкармалыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан сырткары, өзүнчө башкармалыктардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү ишмердүүлүктөрүндөгү кечмиликтер белгиленип, бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазага тартылышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости