www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку жуманын ичинде өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 14 607 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 7,9%га төмөн.
Ооругандардын жалпы санынан 72,4%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Ошондой эле Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар (ТОРИ) жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча дозордук эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.