www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир жылда 250дөн ашык ала качуу факты катталды

25-ноябрдан тарта “Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты - аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Борбор 2020-жылы аялдардын укугун коргогон бир катар мыйзамдар кабыл алынганы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн белгилейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% "кылмыштын курамы жок" деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп, алардын 84% сотко жеткен эмес. Жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген.

Быйыл беш айда 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын бети ачылган. Милиция жылына 8-10 миң үй-бүлөлүк чыр-чатакты телефондон каттайт. Бишкектеги ооруканаларга айына үй-бүлөсүнөн запкы жеген 40-50 аял кайрылат.

“Сезим” кризистик борборуна жылына зомбулукка кабылган 1500

Булак: NazarNews.kg

Последние новости