www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызалтын” ААК Монголиянын Борбордук банкынан келген алтын камтыган Доре эритмесин Кыргызстанда биринчи жолу кайра иштетти. Бул өлкө тарыхында чет элдик алтынды жергиликтүү аффинаждык заводдо иштетүүнүн алгачкы тажрыйбасы болуп калды.
Компаниянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында алынган 999,9 сапатындагы жогорку тазалыктагы алтын дүйнөлүк рынокто сатылып, жалпы киреше 12 млн доллардан ашты.
“Кыргызалтын” LBMA Good Delivery эл аралык сертификатына ээ экенин белгилеп, бул алардын продукциясы дүйнөлүк стандарттарга жооп берерин жана эл аралык рынокто иштөөгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
Бул долбоор Кыргызстан менен Монголиянын баалуу металлдар тармагындагы кызматташтыгынын маанилүү кадамы катары бааланды.