www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинети бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү алмаштыруунун (трансплантациялоо) тартибин бекитти. Токтомго өкмөт башчы кол койду.
Токтомдо бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби каралды.
Токтомго ылайык, бөйрөк алмаштыруу операциялары Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында жана Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбордо жүргүзүлөт.
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргызстандын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
Ошондой эле медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.