www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө элдеринин тагдырын чечкен Союз урап, КПСС кыйрагандан бери бир муун торолуп, бойго жетип, эс тартып калды... СССР курамындагы республикалар эгемендүү болуп, жаңы доор, жаңы мезгил учурунда бир аз мүдүрүлүп, жүдөгөнү менен, бүгүн баары өнүгүү жолун таап, тынып, көбү дүркүрөп өсүү абалына жетип алышты. А түгүл, төрт жыл бою жарандык согуш жүргөн Тажикстан да Кыргызстандан кыйла алдыга өттү кетти...

Ыйык мекенибизди кемитип, өлкө байлыгын талап тоноп, курулай убадалары менен он беш жыл элди тентитип, чилдей таратып, бөлөк элдерге малай кылып бийликтин күчүн жеке байууга жумшап, аны адатка айлантып, бир муун жетекчи - паракорлорду тарбиялап, өстүрүп, акыры үй-бүлөсү, жакын жан-жөкөрлөрү менен кыянат иштерин сезип, билип, калктын элге кылган кыянат иштерин сезип, калктын каарынан коркуп, беш жолу берген антын заматта унутту.

Эски президентти сындап, акыл үйрөткөндөр бийлик башына келип, чарба иштери кичине алдыга жылганы менен мамлекетибиздин элибиздин жалпы абалы негизинен оңолуудан дагы эле алыс...

Эл күтүп, эңсеген жайылануудан дайын жок... Алакандай кыргыз алтыга эмес, 70ке бөлүндү.  Баягы эле адилетсиз, эл ишениминен ажыраган сот бийлиги, Акаев доорунан улантылып келе жаткан арам жолу менен байлык топтоп алган көпөстөрдүн карааны кайра кете элек.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Баш мыйзамды көз көрүнөө бузуп, анын талабын тебелеп, тепселди.

Баш мыйзамды каалаганча калчап өзгөртүп, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө кулкү кылып, 30-жылда эч нерсеге жетпей, орчундуу маселе ыштан кийүү жана хиджапка такалапы, караңгылыкка кайткан кыргыз элинин келечеги барбы же жокпу? – деген суроо жаралат. Дүйнө жүзү өнүгүү алдында турса, дин маселеси талкууда калып, босогобузба диндин 70тен ашуун түрү кулачын жайып кирип келди.

Президент качып, эски бийлик башынан ажыраганы менен, анын дене-бою (колу, буту, өпкө-боору ж.б.) жаңы бийликти туташ чырмап, аты өзгөрүлгөнү менен, заты сакталып, Акаевден калган тарбия мурдагыдай эле улантылууда.

Жумушсуздуктун, адилетсиздиктин айынан элин, журтун таштап, бөлөк өлкөлөргө кетип жаткан кыргыздын саны азайбай кайра көбөйдү.

Мамлекет бийлиги алсыз, таасир кыла албаган өлкө турмушу улам өсүп, көбөйүүдө (көмүскө экономика, уюшулган кылмыш чөйрөсү, жумушсуздук, элибиздин белек өлкөлөргө кеткен агымы, айыл чарба өндүрүшү, билим берүүнүн сапаты, Мекен, Улут деген улуу, түбөлүк тушунук ыйык сезим унутта калганы ж.б. айтсак болот). Бул тууралуу Дастан Сарыгулов какшап айтып келе жатса да, бир угайын деген жан жок. 

Тилекке каршы кыргыздын көпчүлүгү “а” тамгасын тааныгандары деле президент же депутат болгусу келет. Эптеп эле бийликке жетип элди ойлобогондордун эчени бар. Кыйратканы эл өкүлү болгусу келсе, бала бакчадан чыкпаган саясатчылары эл аралык деңгээлге чыгып элчи болгусу келет.

А баса, жакынкы күндөн бери президент боломун деп кыялдангандар көбөйдү. Тиги бери жагын айтканда тарых музейин талкалап, ТЕЦ оңдомуш этип 600 долларга кычкач сатып алган Сапар Исаков Кремл тараптан бата алып президент боломун деп чуркап жүргөнүн уктук.

Анысы аз келгенсип Акылбек Жапаров дагы анча-мынча айтымчыларга барып, “президенттикке” жол ачтырып жүргөнүн кулак чалса, алардын арасында мындай дымак Өмүрбек Бабановдо дагы жок эмес.

Айтор, аргымагын такасы жешилип калса деле президенттикке аракет кылгандардын катарын Бекболот Талгарбеков толуктап, жаштардан алардын катарына бүгүн Жеңишбек Молдокматов кошулду.

Ошентип, Кыргызстан президенттерге жана кыйындарга маарып жатканы менен мамлекет 30 жылдан бери кыймылсыз, өнүкпөй турганы өкүнүчтүү. Ток этээрин айтканда Сайракандар менен “обещалкиндерден” тажадык сыягы.

Азыркы КР Президенти Садыр Жапаровдун деле билинбегени менен 2 жылы өттү да кетти. Жакшылыктарды күтө туралы. Калган калпын же чындыгын убакыт көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости