www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" документке кол койду.

"Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан. Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле "тендер" түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Бул мыйзам менен Кыргызстандын 13 мыйзамына өзгөртүү киргизилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:

татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алып салынган жана кайра каралган;

сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;

"бир булактан" методун колдонуу учурлары кеңейтилген.

Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости