www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун жаңыланган тартиби киргизилди.

Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.

Жаңы талаптарга ылайык, чет өлкөлүк жаран иш жүзүндө жашаган дареги боюнча каттоодон өтөт. Каттоо аймактык бөлүмдөрдө же онлайн жүргүзүлөт.

Эгер кабыл алуучу тарап турак жайдын ээси болбосо, үй ээсинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу же ишеним каты талап кылынат.

Ошондой эле турак жайда бир адамга кеминде 12 чарчы метр аянт туура келиши керек.

Мындан тышкары, бир катар мамлекеттердин жарандары үчүн каттоосуз жүрүү мөөнөтү 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылды.

Алардын арасында АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Италия, Корея Республикасы, Япония жана башка өлкөлөр бар.

Кыргызстандан 30 күн же андан ашык убакытка чыгып кеткен чет өлкөлүк жарандын каттоосу жараксыз деп эсептелет.

Өлкөгө кайра келген учурда кайра каттоодон өтүү зарыл.

Ошондой эле жашаган дареги, паспорттук маалыматтары, жеке маалыматтары же Кыргызстанда болуу максаты өзгөргөн учурда 10 жумуш күндүн ичинде кайра каттоодон өтүү талап кылынат.

Последние новости