www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда тараган видеодогу маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Кайрылууда видеодогу билдирүүлөр коомчулукту адаштырууга жана дүрбөлөң жаратууга багытталганы белгиленген.
«Кыргызстандын аймагында бир дагы чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок жана болушу мүмкүн эмес. Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал менен өлкө аймагындагы объектилерди кайтарбайт», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөдөгү кен казуу жана башка ири биргелешкен долбоорлордун коопсуздугун Кыргызстандын милиция кызматкерлери же жеке күзөт уюмдары камсыз кылаары белгиленди.
Маалыматка ылайык, учурда Кант шаарындагы Россиянын биргелешкен аскердик объектиси гана Кыргызстандын ЖККУ алкагындагы эл аралык милдеттенмелеринин негизинде иш алып барууда.
Кайрылууда видеодо сүйлөгөн Айдарбек Раев 2024-жылы АКШ жарандыгын алганы айтылып, аны такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырган.
Ошондой эле жарандардан маалыматтын чын-төгүнүн текшерип, жалган маалыматтарга жана провокациялык билдирүүлөргө ишенбөө өтүнүчү айтылды.