www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кыска маегинде өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы тууралуу айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди. 

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда жарандар өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана сөз эркиндиги мурдагыдан кем эмес деңгээлде сакталып турат.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Кечээ, 28-январда сиздин президенттик кызматка расмий киришкениңизге туура беш жыл болду. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан кандай өзгөрдү деп, сиз жана командаңыздын жасаган иштери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде кошуна Казакстан менен Өзбекстанда дагы кеңири талкуу жүрдү.

Анда өлкөбүздө ондогон жылдар чечилбей келген көйгөйлүү маселелер чечилгени, дымактуу ири эл аралык долбоорлор старт алганы, өнөктөш өлкөлөр менен мамиле жаңы деңгээлге көтөрүлгөнү баса белгиленди.

Айрым гана ЖМКлар жогоруда айтылган жетишкендиктерди белгилөө менен катар бир кемчиликти аташты. Бул - Кыргызстанда сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы мурдагыдан начарлап кетти деген пикир. 

Демократиядан артка кайттык дегендерге карата сиздин комментарий?

— Саламатчылык. Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт.

Социалдык тармактагы баракчаларында болобу, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып атат.

Социалдык маселе болобу, саясий маселе болобу, өкмөттүн деңгээлиндеги чечим болобу же жеке өзүнүн проблемасы болобу жазып деле, видео тартып деле билдирип келишет.

Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип атышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле атпайбы.

Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип атпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн.

Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак.

Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок.

Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар.

Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи?

Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат.

Мисалы, былтыр күздө бир партиянын өкүлү башка бир чет өлкөлүк жаран менен отуруп алып массалык башаламандык уюштуруу боюнча сүйлөшүүсүнө коомчулук күбө болгон. Андан ал каржылык жана башка колдоолорду сурап олтурганын көрдүк го.

Мыйзам бузуу болуп атса журналист, блогермин дешет. Журналисттик, блогерлерлик иштерин жүргүзө берсин.

Болгону мыйзамдарды бузбасын, “сөз эркиндиги” деген нерсеге жамынып алып, анан ар кандай мыйзамсыз кадамдарга барууга чакырык жасабагыла деп атабыз.

Кээ бири сөз эркиндиги деп алып аймактар аралык кастыкты козутат. Анан ал айткандары калкыбызды аймактык белги менен бөлүп-жарып, бир аймактын тургундарын экинчисине тукуруп атса карап отуралыбы, кимиси жеңет деп?

Кайсыл бир маселеге карата нааразылык акция кылам дегендер Горький сейил багына чыгып, ЖМКларды чакырып топтолуп алып кайрыла берсин.

Мамлекеттик органдардын алдына барбасын, алардын ишине жолтоо болбосун деген эле ой. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө бар.
Биз бир гана нерсени суранып жатабыз.

Жалган маалыматтарды таратып бирөөлөрдүн аброюна шек келтирбегиле, далили жок каралабагыла деген эле талап.
Бирдеме десең эле өнүккөн делген Европа мамлекеттерин жана Американы мисал кылышат. Ал жакта кандай болууда? АКШнын Миграциялык полициясы баш ийген жок деген шылтоо менен эки жаранын атып өлтүрүп койду. Трамп БиБиСи радиосун 5 млрд долларга сотко берди.

Европада эмне болуп атат? Ал жактагы дээрлик бардык мамлекеттер демонстранттарды кызылдай эле кубалап, күч менен таркатып, активдүүлөрүн камаганын камап, калганын аңдып атат.

Муну ЖМКлар деле, эл аралык изилдөө институттары деле жазышууда.

Бул жаман деп айта албайбыз. Менимче, учурда дүйнө жүзү боюнча мамлекеттин бүтүндүгү, анын коопсуздугу, эң алдыңкы планга чыкты. 

Биз дагы саналуу адамдардын эмес, мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек.

Албетте, бул да болсо калктын, ошол эле айрым учурда ашыкча эмоцияга алдырып, “сөз эркиндиги жок, демократия жок” деп кыйкырып жаткан жарандардын да кызыкчылыгында болууда деп эсептейм.

Ошондуктан, буга чейин айтканымдай сөз эркиндигине да, адам укуктарына да эч кандай чектөө жок. Бирин-экин сайттын “сөз эркиндиги же адам укугу жок же начарлап кетти” дегени суу кечпейт.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Последние новости