www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып кирүүгө берилген квота 2022-жылдан бери беш эсеге көбөйдү. 2022-жылы квота 5 миң унааны түзсө, 2026-жылы кошумча квота менен 25 миң электромобилге жетти. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы Кыргызстанга бажы төлөмүсүз 5 миң электромобиль киргизүүгө уруксат берилген. Ал эми 2023–2025-жылдары жыл сайын 10 миңден унаага квота бөлүнгөн.

2026-жылы баштапкы квота 15 миң электромобил болгон. Ага кошумча дагы 10 миң унаа киргизүүгө уруксат берилди. Кошумча квота 17-августтан тарта күчүнө кирет.

Ошондой эле 11-августка карата Кыргызстандагы убактылуу сактоо кампаларында 573 электромобиль турганы айтылды.

Буга чейин өлкөнүн 15 миң унаага эсептелген учурдагы квотасы июль айында толугу менен колдонулуп бүткөн.

Последние новости