www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Бул туурасында энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте билдирди.
Анын айтымында, эртең мененки саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясы эң көп өлчөмдө колдонулат. Ошол убакта электр энергиясы чектелип, кубаттуулугу беш киловатт-сааттан ашса өчүрүлөт.
Аталган убакыт эл жумушка бараткан жана келген учурга туш келет.
Депутат Эльвира Сурабалдиева мындай өчүрүүлөр Бишкектин Кызыл-Аскер, Батыш автобекети жакта башталып, тургундар "тамак жасай албай, кир жууй албай жатабыз" деп кайрылып жатканын айтты.