www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда гепатиттин оор түрлөрү көбөйдү

Кыргызстанда вирустук гепатитке байланыштуу көйгөй курч. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө гепатиттин оор түрлөрү менен 41 миңден ашуун адам каттоодо турат.

Адистердин айтымында, гепатит көп учурда алгачкы этапта билинбей өтөт.

Убакытында дарыланбаган учурда оору боордун циррозуна же рагына алып келип, айрым бейтаптар боорун алмаштырууга аргасыз болушат.

Учурда Кыргызстанда боор трансплантациясын жасаткан 500дөн ашуун адам бар.

Айрым бейтаптар операция үчүн Индия, Түркия сыяктуу өлкөлөргө барып, ондогон миң доллар чыгым тартышууда.

Дарыгерлер өзгөчө гепатиттин D түрү кооптуу экенин белгилешет. Ал гепатит В вирусу бар адамдарда гана пайда болуп, боорду тез жабыркатат. Адистердин айтымында, гепатит Вга каршы эмдөө D түрүнөн да коргонууга жардам берет.

Кыргызстанда 2022-жылдан бери чоңдор үчүн гепатит Вга каршы акысыз эмдөө жүргүзүлүп, 1 миллиондон ашуун адам вакцина алган.

Ошондой эле өлкөдө гепатит В, С жана D түрлөрүн аныктоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Дарыгерлер оорунун алдын алуунун эң натыйжалуу жолу убагында текшерилип, эмдөөдөн өтүү экенин эскертишет. Анткени гепатит кеч аныкталса, дарылоо кыйла татаалдашат.

Последние новости