www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жансыз денеси Кыргызстандын аймагынан табылган казакстандык жоокер Улыкбек Бердишов механикалык асфиксиядан улам (аба жетпей тумчугуу) каза болгон. Анын денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-апрелде күндүз кыргыз чек арачылары казакстандык жоокердин буюму табылганын айтышкан. Казакстандык чек арачылар Бердишовдун туугандары менен чогуу буюм табылган жерге барышкан.

«Тилекке каршы ал Улыкбек экен. Ал жарга асынып алыптыр. Эмне үчүн Кыргызстандын аймагына өткөнү, эмне үчүн өз өмүрүн кыйганы белгисиз. Уставдан тышкары мамиле жасалганы аныкталган жок. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды», - деп билдирди Казакстандын Чек ара кызматы.

Улыкбектин сөөгү үйүнө — Кызыл-Ордо облусуна жеткирилди. Ал үй-бүлөдө бир туугандардын эң улуусу болчу. Улыкбек Жамбыл облусундагы «Андас батыр» чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

Ушул жылы 2-мартта дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү кечээ, 10-апрелде Кыргызстандын аймагынан табылган. Улыкбектин атасы уулу 2-3 күн сайын телефон чалып, тез-тез акча сурап жүргөнүн айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости