www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) менен иш алып барган компаниялардын жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ошондой эле ички жана эл аралык рыноктогу күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча учурдагы кырдаал талкууланды.

Компания жетекчилери кампалардагы мунай продуктуларынын запастары жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Эрлист Акунбеков өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн мамлекеттик субсидиялар өз убагында берилип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бардык аймактардагы май куюучу жайлар толук кандуу иштеп, керектөөчүлөр үчүн эч кандай чектөөлөр болбошу керек.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга мунай продуктуларын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү жана алардын аткарылышын тездетүү, ошондой эле кырдаалга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштерге мониторингди күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости