www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин аскер кызматчылары арасында ок атуу боюнча XVII чемпионат өтөт.
Иш-чара 2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн базасында XVII Спартакиаданын алкагында башталат.
Мелдеште аскер кызматчылар штаттык жана табелдик куралдардан ок атуу боюнча күч сынашат.
Эл аралык чемпионатка Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн командалары катышат.
Бүгүн, 3-августта, мелдештин катышуучулары Кыргызстанга келип, каттоодон өтүп, жайгаштырылууда. Чемпионаттын расмий ачылыш аземи 5-августта өтөт.
Бир нече күнгө созула турган мелдештин жүрүшүндө аскер кызматчылар АК-3 автоматы жана ПМ-3 тапанчасы менен ок атуу боюнча жеке жана командалык биринчиликтерде таймашат.
Белгиленгендей, чемпионатка аскер кызматчылардан тышкары аял-аскерлер да катышат.