www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 24–30-июль аралыгында өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 23 миң 179 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Алардын арасында:
тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 788;
мас абалында унаа айдоо – 395;
унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 240;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу – 803;
транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу – 4 793;
авто ээнбаштык – 25;
ылдамдыкты ашыруу – 1 500;
жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 10 учурду түзгөн.
Мындан тышкары, башка жол эрежелерин бузуу боюнча 11 миң 461 факт аныкталган.
Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 миң 164 унаа убактылуу айып короого киргизилди.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого чакырды.