www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларынын баалары боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.

Изилдөөнүн алкагында нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, эт, сүт азыктары, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүктөрдүн баалары талданды.

Мониторингдин жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда айрым азыктардын баасы жогорулаганы белгиленди.

Атап айтканда, күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, тазаланган күн карама майы 2,3%, каймак май 1,4%, кой жана уй эти 0,9%, кумшекер 0,4%га өскөн.

Ошол эле учурда сабиздин баасы 1%, жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорттогу буудай уну 0,8%, картошка 0,8%, баш пияз 0,6%, пастерленген сүт 0,2%га арзандаган.

Казакстанда мониторингдин жыйынтыгы боюнча картошка 3,4%, баш пияз 2,5%, күрүч 2,2%, пастерленген сүт жана сабиз 2%дан арзандаган.

Ошондой эле ун, нан, каймак май, уй жана кой этинин баасы 1,9%га, өсүмдүк майы 1,7%, макарон азыктары 1,6%, жумуртка 1,4%, кумшекер 1,1%га төмөндөгөн.

Россияда болсо кумшекердин баасы 1,8%га жогорулаган. Ал эми баш пияз 2,5%, картошка 2,1%, жумуртка 1,7%, күрүч, сабиз жана каймак май 1%, ун, нан жана пастерленген сүт 0,6%, кой эти 0,5%, өсүмдүк майы, уй эти жана вермишель 0,4%га арзандаганы байкалган.

Министрлик жүргүзгөн мониторинг азык-түлүк рыногундагы баалардын өзгөрүү динамикасын талдоо жана кырдаалга баа берүү максатында жүргүзүлүүдө.

Последние новости