www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги улуттук музыкалык искусствону өнүктүрүү жана жаңы таланттарды колдоо максатында композиторлор үчүн эки республикалык ачык кароо-сынагын жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, сынактар Президенттин руханий-адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашырууга багытталган жарлыктарынын алкагында уюштурулууда.

Жарыяланган сынактар:
«Музыка иликтөө боюнча мыкты эмгектер» республикалык ачык кароо-сынагы;
«Оркестрлер үчүн чыгармалар» республикалык ачык кароо-сынагы.

Долбоордун негизги максаты – кыргыз музыкалык искусствосунун тарыхын, теориясын жана азыркы өнүгүү багыттарын изилдеген илимий эмгектерди жаратууга дем берүү, ошондой эле симфониялык, камералык, эл аспаптар жана фольклордук оркестрлер үчүн жаңы чыгармаларды колдоо.

Сынактар Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу жана Улуттук маданий борбору тарабынан Маданият министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Катышуучулардын эмгектери 2026-жылдын 30-октябрына чейин кабыл алынат. Музыка таануу боюнча эмгектер электрондук жана басма түрүндө тапшырылса, оркестрдик чыгармалар партитурасы жана аспаптык партиялары менен бирге сунушталышы керек.

Жыйынтыктар 2026-жылдын декабрь айында Бишкекте чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана атайын байгелер тапшырылат.

Министрлик бул демилге улуттук музыкалык мурасты жаңы чыгармалар жана илимий изилдөөлөр менен байытууга, ошондой эле жаш композиторлор менен музыка таануучуларды колдоого өбөлгө болорун белгиледи.

Последние новости