www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Статистиканын жарыяланбай калышы өлкө аймагында оорунун басаңдашы менен түшүндүрүлөт.

“Эгер оорунун жаңы учуру каттала турган болсо статистикалык маалыматтар кайра бериле баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости