www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, "Бай Дыйкан" ЖЧКсы жана China National Electric Engineering Co. LTD компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган документ Кыргызстандын аймагында карбамид жана комплекстүү жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну көздөйт.

Эки тараптуу кызматташтыктын максаты өлкөнүн агроөнөр жай комплексин чыңдоого, дыйкандарды сапаттуу жана жеткиликтүү жер семирткичтер менен камсыздоого багытталган заманбап ишкананы түзүү болуп саналат.

"Жаңы заводдун ишке кириши өлкө ичинде карбамид жана комплекстүү жер семирткичтердин өндүрүшүн олуттуу деңгээлде көбөйтүүгө шарт түзөт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик аграрийлерди сапаттуу продукция менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, долбоор ишке ашканда, курулуш учурунда да, завод ишке киргенден кийин да жаңы жумуш орундарын түзүү каралган, бул аймактагы жумушсуздук деңгээлине оң таасирин тийгизет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости