www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө күчөтүлгөндөн кийин оорунун көрсөткүчү кыйла төмөндөгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы 7 миң, 2024-жылы 14 миң, 2025-жылы 8 миңге жакын кызамык учуру катталган. Эмдөө кампанияларынан кийин бул көрсөткүч 400гө жакын учурга чейин азайган.
2025-жылы кызамыктан 10 бала каза болуп, алардын 6сы бир жашка чейинки ымыркайлар болгон. Республикалык иммунопрофилактика борбору каза болгондордун баары эмделбегенин билдирген.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2016–2018-жылдары диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартуу 78% түзгөн. Түшүндүрүү иштеринен кийин бул көрсөткүч азайган. Муфтият 2019-жылы эмдөөгө байланыштуу фатва кабыл алып, эмдөө боюнча агартуу иштерине активдүү катыша баштаган.
Адистер кызамык мээнин сезгенишине, дүлөйлүккө жана башка ооруларга алып келиши мүмкүн экенин эскертишет. Ошондой эле ДССУнун маалыматына ылайык, Борбор Азияда катталган кызамык учурларынын 42%ы ушул ооруга туура келет.