www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1 миллион 200 миңдей адам мамлекеттик органдардын санариптик системаларында электрондук кол тамгага ээ болду. Бул тууралуу 28-февралда Digital Kyrgyzstan форумунда “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын башчысы Кубанычбек Садамбеков билдирди.

Анын айтымында, бул топтогу жарандардын жарымынан көбү мамлекеттик органдардын кеңселерин өздөрү келип кол тамгаларын санариптик формада киргизишсе, калганы аралыктан туруп алышкан.

Электрондук кол тамгага ээ болгондордун 500 миңден ашыгы “Түндүк” системасы менен берилсе, жеке менчик Mbank системасынан 25 миңден ашуун, MegaPay системасынан 3 миңден ашуун жана Optimabank системасынан 500гө жакын киши алган.

Электрондук санариптик колтамга – бул кагазга коюлган кол тамганын санариптик аналогу. Ал өзүнө анын ээси жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды сактаган санарип символдорду камтыйт. Ал Кыргызстанда 2017-жылдан баштап бериле баштаган. 2023-жылдын 1-августунан тартып онлай түрдө да берилип келет.

Жаран электрондук документтерди, анын ичинде соттуулугу жоктугу жөнүндө тастыктама алууда, жөлөкпулдун, пенсиянын жагдайын билүүдө, салыктык отчётторду тапшырууда, салык төлөөчүнүн маалыматтарын тактоодо, кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды билүүдө санарип кол тамгасын колдоно алат. Мындан сырткары мүлкүн онлайн алып-сатуу жүргүзгөн, же фирмасын онлайн каттаган маалда да аталган кол тамга керектелет.

Кыргызстанды e-ID картасы – чипти камтыган 2017-жылдан бери берилип жаткан паспорттордо анын ээсинин жеке жана биометрикалык маалыматтары, кошумча электрондук цифралык колтамга ачкычтары сакталат.

Соңку беш-он жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. Азыркы бийлик да Кыргызстандын бардык мамлекеттик кызматтарын санариптик формага өткөрүү саясатын күчөткөн.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын августунда Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров бул кодекс 2024-жылдын соңуна чейин кабыл алынарын билдирген. Санарип кодекси өлкөдөгү санариптик тармактын бирдиктүү документи болот жана анын ишке кириши менен электрондук башкаруу, кол тамга, жарандарды биометрикалык каттоо, жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана санарип башкарууга тиешеси бар 30дай мыйзам жана андагы айрым беренелер күчүн жоготот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости