www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 266 млрд сомду түздү

Кыргызстанда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-август айларында 266 млрд сомдун тегерегин түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 18,2 пайызга жогору.

“Буга негизги металлдардын өндүрүлүшү (45,4 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (28,0 пайызга), мунай заттардын (14,4 пайызга), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (13,5 пайызга), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын өндүрүшүндө (1,3 пайызга) ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (6,3 пайызга) өсүшү таасирин тийгизди”, - деди ал.

Ошондой эле Жумалиев курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 3,8%ды, айыл чарбасында – 8,5%ды, дүң жана чекене соодада – 7,3%ды түзгөнүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости