www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда билим берүү жаатындагы ири реформанын алкагында мамлекеттик 33 университеттин ичинен алтоо башка окуу жайларга кошулат. Жыйынтыгында 27 гана мамлекеттик ЖОЖ каларын Sputnik радиосунун эфиринде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 78 жогорку окуу жай бар. Алардын ичинен 33ү мамлекеттик деген макамга ээ болсо, калганы жеке менчик.

"Мамлекеттик статусу бар алты университет башкаларга кошулат. Ошону менен бирге 31 окуу жайдагы кесиптер бири-бири менен айкалыштырылат. Мындан тышкары, ондон ашык колледж бири-бири менен кошулуп, жыйынтыгында 42 миллион сомдук чыгым үнөмдөлөт", — деди министр.

Кайра уюштуруу жолу менен башкаларга кошууга ылайыктуу деп табылган мамлекеттик жогорку окуу жайлар:

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине илимий-изилдөө университети деген статус берип, ага Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумун кошуу;

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу;

Ош мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу;

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости