www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 20 касапкана жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору – Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору Улугбек Кожобергенов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча 101 мал союучу жай катталган.
“Өткөн жылдын декабрынан 2024-жылдын январь айына чейин мал союучу жайларга жана эт кайра иштетүүчү цехтерге мониторинг жүргүзүлүп, ветеринардык-санитардык нормалардын сакталбагандыгы жана башка талаптаррга жооп бербеген 20 касапкананын иши убактылуу токтотулган”, - деди ал.
Кожобергенов белгилегендей, Ветеринардык кызмат азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында мындай мал союучу жайларды пландуу текшерүүнү кайра баштоого даярданып жатат.
Булак: NazarNews.kg