www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 348 сел жүрүү фактысы катталды. Алардын 78 пайызы өлкөнүн түштүк аймактарына туура келген.
ӨКМдин Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын башчысы Кубаныч Темирбек уулунун маалыматына ылайык, быйыл сел жүрүүлөрдүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кескин өстү. 2025-жылдын алгачкы алты айында болжол менен 70 сел катталса, быйыл бул көрсөткүч беш эсеге көбөйгөн.
Табигый кырсыктардын кесепетинен 2 миң 484 объект жабыркады. Анын ичинде 180ге жакын турак үй, 100 чакырымдан ашык жол, 45 көпүрө жана 55 электр берүүчү мамы зыянга учураган. Алдын ала эсеп боюнча материалдык чыгым 399,9 миллион сомду түздү.
Селдин кесепетинен сегиз адам каза болуп, дагы үч адам жаракат алган. Кооптуу аймактардан 236 тургун эвакуацияланган.
Кубаныч Темирбек уулу сел агымдары суунун көлөмүнө жараша төрт коркунуч деңгээлине бөлүнөрүн билдирди. Биринчи деңгээлге секундасына 1 миң кубометрден ашык суу агымы бар эң кубаттуу селдер кирет. Экинчи деңгээл — 100дөн 1 миң кубометрге чейин, үчүнчү деңгээл — 10дон 100 кубометрге чейин, ал эми төртүнчү деңгээл — 10 кубометрден аз суу агымы бар селдер.
Быйыл катталган селдердин басымдуу бөлүгү төртүнчү коркунуч деңгээлине таандык болгон. Экинчи деңгээлдеги селдер салыштырмалуу сейрек катталга