www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүү сунушталды. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жазып, коомдук талкууга койду.
Эл өкүлүнүн сунушу:
жарандарды дем алыш күндөрүн үй-бүлөсү менен өткөрүү жана эс алуу укугунан ажыратпоо максатында шайлоону жума күнгө жылдыруу;
элге стимул берүү үчүн шайлоого келгендерге лотереяларды, кызыктыруучу байгелерди уюштуруу. Ага каражат талапкерлердин шайлоо фондунун алынат;
добуш берүүгө катышпагандарды мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу (берилчү жаза так жазылган эмес). Жүйөлүү себептери барларга чара көрүлбөйт.
"Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар. Мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепети демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча ысырап болушуна алып келет", — деп жазылган маалыматтык негиздемеде.
Ал Бишкектеги Ленин шайлоо округунда кайра өткөн шайлоодо 124 миң бюллетень даярдалып, 17 миң киши гана келгени белгиленди.
Тазабек Икрамов буга чейин шайлоого келбеген жарандарга 5000 сом айып салууну демилгелеп, ЖКга келгенде кайра чакыртып алган.
Булак: NazarNews.kg